НТС

БУУнун баш катчысы күрт референдумуна каршы чыкты

epa06077939 United Nations (UN) Secretary General Antonio Guterres speaks during a media conference with Ukrainian President Petro Poroshenko (unseen) to deliver joint statements follwing their meeting in Kiev, Ukraine, 09 July 2017. Guterres arrived to Ukraine earlier the same day 09 July for an official visit. EPA/SERGEY DOLZHENKO

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү планына каршылыгын билдирди. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 25-сентябрга белгиленген бул референдум «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун жок кылуу жана согушкерлерден бошотулган шаарларды кайра куруу аракетине шек келтирерин жекшемби күнү айтты.

«Баш катчы Ирактын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сыйлайт жана Күрт аймактык өкмөтүнүн маселеси диалог жана конструктивдүү компромисс аркылуу чечилиши керек деп эсептейт»,-деп билдирди БУУнун басма сөз өкүлү Стефан Дуяррич.

Ирактын Күртстан автономдуу аймагынын депутаттары расмий Багдаддын каршылыгына карабай, көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүнү чечишкен. Күрт азчылыктары жашаган Түркия, Иран сыяктуу коңшу өлкөлөр да бул референдумга каршы чыгышкан. Батыш өлкөлөрү күрт референдуму чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтөт деп эсептешет.