Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат май айына жылдырылды

8576

Кыргызстандагы коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча иштеп жаткан штаб эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырууда. Мындан тышкары, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, өздүк гигиена эрежелерин кынтыксыз сактоо, балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары сунушталууда.

Бишкекте кийинки жумада өтө турчу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат май айына жылдырылды. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай чечим дүйнөдө коронавирус боюнча абал улам курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынган.

Буга чейин Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотула турган күрөш боюнча турнир дагы жылдырылганы маалымдалган. Бул ири мелдештер качан жана кайда өтөт азырынча так айтыла элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.