Адистер гепатиттин оор түрлөрү жайылып жатканын эскертти

3326

Гепатиттин оор түрлөрү жайылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертүү таратты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, боорду жабыркаткан гепатит оорусунун В жана С түрлөрүнүн 85 пайызы эч байкалбай жүрө бергени менен өтө кооптуу.

Ошондой эле ал оорулуу адам башкаларга жугуштуу болот. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга да туруштук бере алат. Дарыгерлер бул илдетти дарылоого караганда алдын алуу жеңил экенин да эскертүүдө.

Гепатиттин В түрүн алдын алуу үчүн Кыргызстанда эмдөөнүн улуттук календарына ылайык балдар бир жашка чыкканча 3 жолу эмделет. Быйыл 10 айда В гепатитине 204 адам чалдыкса, алардын дээрлик баары 20 жаштан жогору курактагылар. Ал эми илдеттин С түрүнө 44 адам чалдыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.