НТС

Былтыр Бишкекте 3 миңдей дарак кыйылган

Анын үчтөн бири гана авариялык абалда болгон. Ал эми эки миңдейи жолдорду реконструкциялоонун алкагында жок кылынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Кыйылган дарактар отунга кетип, миңдей үй-бүлөгө акысыз таратылган. Ал эми жок кылынган бактардын ордуна Бишкектин башка аймактарына 10 миңдей көчөт отургузулган.