Шайлоо – 2021: Аялдар эркектерге атаандаша албай калабы? (видео)

3179

Бир мандатуу округдан депутат болуу ниетин 381 адам билдирди. Боршайкомдун маалыматына ылайык, эң көп талапкер Кадамжай шайлоо округунан катталса, эң аз көрсөткүч Ноокат менен Өзгөндө болду. Арыз берип кайрылгандардын 10 пайызга жакыны гана айымдар.

Эми алардын канчасы талапкер катары расмий катталат 29-октябрда гана белгилүү болот. Кандидаттар 18-октябрга чейин бардык тиешелүү документтерин өткөрүп, 100 миң сом күрөө төлөөсү зарыл. Ал эми буга чейин арыз берген 75 партиянын ичинен 53 саясий бирикме автоматтык түрдө өнөктүктөн четтетилди.