НТС туралуу

Бат өнүгүп келе жаткан телекомпания, телекөрсөтүүлөрдүн аналитикалык, көңүл ачуучу программаларын өндүрүүдө жана маалыматтык берүүдө лидер болуп саналат. НТС телеканалдын алдыга койгон максаты: көрүүчүлөргө кабарларды, маалыматтарды өз учурунда ыкчам, калыс- адилет жеткирүү, көрсөтүүлөрдүн сапаттарын арттыруу болуп саналат.
НТС телеканалы 2011-жылдан тартып бүтүндөй республикага өз эфирин көрсөтө баштаса, 2014 жылы HD жогорку сапаттуулуктагы эфирдик чагылдырууга өткөн. Ал эми 2015- жылдан баштап эфир спутник аркылуу бериле баштады. Бул чоң жетишкендик.
Албетте эфирдик жетишкендиктер менен көрсөтүүлөрдүн бири- бирине шайкеш келиш керек. Ал үчүн жаңы программаларды көрүүчүлөрдүн муктаждыгына, суроо- талаптарына ийкемдештирүү максатын алдыга койгон. Учурда, 20 жаштан жогорку курактагылар көрүүгө кызыктар экендиги белгилүү. Алар айыл тургундары, коомдогу болуп жаткан саясый- экономикалык бурулуштарга кайдыгер карабаган инсандар, мугалимдер, дарыгерлер, үй кожейкелери жана эмгек ардагерлери. Албетте мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер чөйрөсү да артта калышкан жок. Баса белгилей кетүүчү жагдай, спутник аркылуу Борбордук Азия жана Евразия аймактарына эфирдик берүүлөр көрсөтүлгөндүктөн, сырттан келген меймандар, туристтер улутуна карабастан Кыргызстандан да НТС телеканалын кызыгып көрүшөрү талашсыз.
НТС телеканалы жаңы жетишкен заманбап техникалар менен учур талапка жараша камсыздалып келет. Өздүк имаратын кеңейтип, көрүүчүлөрдүн суроо- талаптарына жараша студиялар салынган. Мындай мүмкүнчүлүктөр менен ар бир программа көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап олтурат.

Sorry, nothing found.