Казакстанда азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынды

2571

Казакстанда 15-апрелге чейин бир катар «социалдык маанидеги» товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграциялар министри Бахыт Султанов билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр ун, кумшекер, картошка, гречка, сабиз, кызылча, пияз жана капустага тиешелүү болот.

«Бул чара калкты зарыл товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жарандар дүкөнгө кирип, каалаган азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек», — деди министр.

Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими күчүндө. Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган. Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 72ге жетти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.