Талкаланган өрт өчүрүүчү унааларды ким оңдойт? (видео)

2655

Учурда өлкөнү коронавирустун экинчи толкуну каптап, эпидкырдаал курчуп барууда. Ал арада көчөлөрдү дезинфекциялоо үчүн техника жетишеби деген суроо курч турат. Буга чейин пандемия маалында Бишкек шаарынын көчөлөрүн дезинфекциялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары тартылган болчу.

Бирок 5-6 октябрдагы элдик толкундоо маалында жаалданган топ өрт өчүрүүчү унааларга таш ыргытышып, анын кесепетинен бири өрттөнүп кетсе, 2 унаа талкаланып, жараксыз абалга келген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, оңдоп-түзөө иштери да баштала элек. Андыктан жаңы типтеги вирус мындан да күчөсө көчөлөр дезинфекцияланбай калышы толук мүмкүн экен.