Боронов чек ара тилкесиндеги жаңжалда жабыркаган жарандардан кабар алды

4168

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат.

Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти. Биринчи вице-премьер жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга чейин Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушкан. Тараптар окуяга байланыштуу өкүнүч билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чара көрүү, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.