Чек арадагы тоскоолдуктар Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Мындай пикирин бир катар эксперттер айтышууда. Кыргызстандын түндүгүндөгү үч област Казакстан менен чектеш жайгашып, эки элдин турмуш-тиричилиги, соода-сатыгы байыртадан бери өз ара байланыш. Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде өткөрүүнүн тартиби катаалдады.