НТС

Чет өлкөгө эс алууга барганы айтылган жетекчилер прокуратурада сурак берди

Дипломатиялык паспортун колдонуп, чет өлкөгө эс алууга барганы айтылган жетекчилер прокуратурада сурак берди. Башкы көзөмөл органында 4 саат бою көрсөтмө берген эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова кызматтык паспорт боюнча суроолорго жооп беришкен.

Маалыматка ылайык, эки жетекчи бул боюнча түшүнүк кат жазып чыгышкан. Буга чейин Лунара Мамытова пенсия менен чет өлкөгө эс алып келүүгө мүмкүн экенин да айтып, коомчулуктун сынына кабылган. Жетекчи айым бул үчүн кары-картаңдар бир жыл бою акчасын чогултушу керек деген.

Бирок аткаминердин бул пикири шылдың катары кабыл алынууда. Анткени учурда пенсиянын орточо өлчөмү 5,5 миң сомду түзөт. Бул акча тамак-аш, коммуналдык кызмат жана дары-дармектен ашпайт, дешет карыялар.