Кандын рагынан жабыркаган 1,5 жаштагы Али жардамга муктаж (видео)

3175

1,5 жаштагы Али жардамга муктаж. 1 ай мурда наристеге кандын рагы деген диагноз коюлган. Ага чет өлкөдөн шашылыш түрдө операция жасоо үчүн 70 миң доллардай акча керектелип жатат. Бирок үй-бүлөнүн каражаты жетишсиз.

Акча таппай айласы кеткен Алинин апасы Анара Айдарбекова коомчулукка кайрылды. Ал каражат жактан көмөк көрсөтөр кайрымдуу адамдар табылат деген үмүттө.