Айзаданын өлүмү: жоопкерчиликти ким алат? (видео)

2379

Үрөй учурган окуяга байланыштуу Ички иштер министрлигинин алдында кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча митинг өттү. Анда жарандык коомдун өкүлдөрү Айзада Канатбекованын өлүмүн алдын албаганы үчүн милициянын жетекчилерине отставкага кетүү талабын коюшту.

Андан соң нааразычылык акциясы өкмөт үйүнүн алдында уланып, чогулгандарга премьер -министр Улукбек Марипов чыкты. Анда ал бул иш көзөмөлгө алынганын жана иликтенгенин айтты. Бирок мындай билдирүүгө митингчилердин ичи чыкпай алар «Уят», «Министр отставкага кетсин», «Жетишет!»,- деп кыйкырып жатышты.