368

Чоң-Алай: Жер титирөдөн жабыркагандарга гуманитардык жүк жеткирилди

7
Чоң-Алай районунда жер титирөдөн жабыркагандарга гуманитардык жүк жана курулуш материалдары жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Жаратылыш кырсыгы катталган аймакка 5 тонна кесме, 3 тоннага жакын кумшекер, 8 тонна өсүмдүк майы жана бир тоннадан ашык чай жеткирилди. Ошондой эле, 200 тоннага жакын цемент беш айылга бөлүштүрүлгөн. Ал жергиликтүү тургундарга килограммы беш сомдон сатылат. Мындан тышкары, калк арасында сейсмикалык жактан туруктуу үйлөрдү куруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми зилзаладан жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке азыр 2 млн 52 миң сом чогулган.