Суу тартыштыгы. Колдо бар алтындын баркы жок (видео)

3387

Талас областында дыйкандар чыгымга учурашууда. Мурда жакшы түшүм берген өсүмдүктөр быйыл суунун жетишсиздигинен улам куурап калган. Ошондуктан бул жылы кандайдыр бир киреше тууралуу сөз кылбай эле койсо болот, дешет жергиликтүү тургундар.

Эң кейиштүүсү — аталган аймакта суу сактагыч деле бар. Бирок суунун пайдасын  таластыктар эмес, кошуна өлкөнүн эли көрүп жатат деген нараазычылыктар айтылып келет.