1078

Чолпон-Ата шаарында ат спорту боюнча Биринчи эл аралык фестиваль өтөт

5
Келээрки ишембиде Чолпон-Ата шаарында ат спорту боюнча Биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Бул иш-чарага бүткүл Азиядан профессионал чабандестер катышат. Мелдештер чыдамкай күлүктөр арасындагы жарыштын эл аралык стандарттары боюнча өткөрүлөт. Ат чабыштын бул түрү чабандестердин чеберчилигин жогорулатып, күлүктөрдү табында кармап, алардын чыдамкайлыгын жогорулатат. Бул мелдешке катышуу жана жарышты уюштурууга жардам берүү максатында биздин өлкөгө Малайзиядан 16 кесипкөй чабандес келди. Алар биздин спортчуларга өз өнөрүн көрсөтүп, ат чабыштын бул түрүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат. Белгилей кетсек, ат спортунун бул түрү боюнча мелдеш Кыргызстанда биричи жолу өткөрүлөт. Мындай жарыш кеңейтилген форматта ушул жылдын күзүндө дагы уюштурулганы жатат.