НТС

Чоң кызматтарга тууган-туушкандарды алып келүү токтотулсун! (видео)

Чоң кызматтарга депутаттардын же аткаминерлердин тууган-туушкандарын алып келүү адатын токтотуу керек. Мындай талап менен бир канча киши Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын алдына митингге чыгышты. Нааразы тарап аталган мекемеге жакында эле жетекчинин орун басары болуп дайындалган депутат Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаровдун кызматын тапшыруусун талап кылышууда.

Айтымдарында, анын агасына тиешелүү ишканалардын ишмердүүлүгүнө кылмыш иши ачылып жатканда инисинин кызматта отурууга моралдык акысы жок экен. Алар ушундай эле талап менен “Манас” эл аралык аэропортуна да бара турганын билдиришти. А түгүл, Бактыбек Сыдыков кызматтан кетмейинче нааразычылык акциялары улана берерин да айтышууда.