НТС

Чоң муштум күйөөнүн кезектеги курмандыгы (видео)

Бишкектин жанындагы жаңы конуштардын биринде бир аял 12 жылдан бери күйөөсүнөн запкы көрүп келгенин ачыкка чыгарды. 42 жаштагы Арзыкан Тажидинованын айтымында, жолдошу аны катуу ур-токмокко алып, ага жана эки баласына тамакты ченеп берип келген.

Кызыл камчы күйөөсү жумушка кеткенде үй-бүлөсүн капастай болгон бөлмөгө камап кетчү экен. Бул аялдын оор тагдыры кошуналарынын жардамы аркылуу ачыкка чыгууда. Бирок күйөөсү аялынын айткандарын четке какты.