Улуттук энергохолдинг электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштоодо

1904

Улуттук энергохолдинг электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштап чыкты. Мындай пикирин аталган мекеменин Стратегиялык өнүгүү жана адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Беков «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий – 2020» аталышындагы конгресс-көргөзмөгө катышып жатып билдирди.

Аткаминер социалдык тарифти, тактап айтканда эл 700 киловатт-саатка чейин төлөгөн 77 тыйынды көтөрүүнү сунуштоодо. Электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүү керек дейт жетекчи.

Учурда бир киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйын экен. Аткаминер дал ушул ортодогу айрыманы көтөрүү керектигин айтууда. Белгилей кетчү нерсе, тариф маселеси Энергохолдингдин компетенциясына кирбейт. Ага мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги жооп берет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.