НТС

Чүй областында курал-жарактар катылган жашыруун жер табылды

УКМКнын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Озерное айылынан номурлары өчүрүлгөн Макаров жана ИЖ травматикалык тапанчаларын, сайсыз мылтык, сигнал берүүчү тапанча жана ар кандай калибрдеги 77 ок табышкан.

Соттук экспертизанын жыйынтыгында, бул курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу экени аныкталган. Чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жиберилгенин маалымдады.