30-апрелден 1-майга караган түнү Бишкектеги ички блокпосттор алынат

3225

Бул тууралуу парламенттин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, шаарда бир гана жөө жана унаа күзөттөрү иштейт. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, кыймылды көзөмөлдөө үчүн таксисттер жана уруксат берилген чөйрөдөгү жумушчуларга электрондук өткөрмө кагаздары берилет.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылган. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген болчу.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Нарын облусундагы Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.