Бишкекке кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди (видео)

2330

Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган экинчи жарлыкка ылайык, өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин созулат. Ал эми коменданттык саат кечки 22:00дөн тарта, таңкы 5ке чейин иштейт. Белгилей кетсек, үч күндөн бери Бишкекте өзгөчө абал режими болуп келген. Президенттин 9-октябрда чыккан жарлыгына ылайык, ал 21-октябрга чейин күчүндө болмок. Бирок бул документти парламент кароого албагандыктан, мыйзам боюнча жарлык үч күндөн кийин күчүн жоготот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын чогултуу аракетинен майнап чыкпай жаткандыктан, өзгөчө абал режими боюнча чечим парламентте каралаары күмөн. Мындан улам 12-октябрь кечки 17:00дөн тарта өзгөчө абал режиминин мөөнөтү автоматтык түрдө аяктамак. Бирок президент жаңы жарлык чыгарууга жетишти. Эми аны парламент үч күндүн ичинде талкууга албаса, кайра эле 15-октябрда күчүн жоготот.