Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген 2 млн сомдук товар кармалды

8141

Баткенде баасы 2 миллион сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келинген товарлар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери Баткен шаарында «Хово» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 152 даана, 300, 500, 1000 жана 2000 литр көлөмдөгү желим идиштер табылган.

Ошондой эле, Баткен шаарында «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 2960 литр “Ravenol 10w-40” үлгүсүндөгү мотор майлары табылган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.