Каттоодо турган криминалдык чөйрөнүн өкүлү кармалды

7138

Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда турган криминалдык чөйрөнүн өкүлү Баткенде жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу областтык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, аймакта өткөрүлүп жаткан ыкчам профилактикалык иштеринин негизинде мурда 2 жолу сот жообуна тартылган 32 жаштагы жаран милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун ыкчам кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал буга чейин 5 баш жылкы уурдап, издөөдө жүргөн.

Аны кармаган учурда жанынан белгисиз маркадагы автомат, пистолет, бычак жана кара беткап алынган. Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.