93

Чуулгандуу телефондук сүйлөшүү


Балыкчы шаарынын мэрине байланышкан маселени этикалык комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык администрациясынын маалымат катчысы билдирди. Буга Балыкчы шаарынын мэри делген адамдын сөгүнүп, оозго алгыс сөздөрдү айткан телефон сүйлөшүүсүнүн аудиотасмасы интернетке тарап кетиши негиз болду. Адистердин айтымында, аудио жаздырууда аткаминердин кызматын пайдалануу менен башка адамды коркутуп, опузалоо фактысы бар. Андыктан далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.