341

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленет

Айтматов
Президент Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо тууралуу жарлыкка кол койду. Чынгыз Төрөкуловичтин улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, анын 2018-жылы боло турган туулган күнүн 90 жылдыгына байланыштуу төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди. Айтматовдун мааракеси эл аралык денгээлде белгилениши керек.

Өкмөт эки айдын ичинде майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүп, пландарды иштеп чыгып бекитиши зарыл. Буга керектүү каражаттар бюджеттен бөлүнөт.