Президент 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду

15971

30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттин жарлыгында: “Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде өлкөнүн бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн”, — деп жазылган.

Мындан тышкары маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү уюштурбайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 инфекциясынын дүйнө жүзүнө жайылышын пандемия деп жарыялаган 11-марттан бери Кыргызстанда 1301 адам бул илдеттен каза болгону расмий маалымалды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 33 296га жетти. Алардын ичинде 2 683 медициналык кызматкер бар. Оорудан 21 205 адам сакайып чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.