278

Чыгаша көбөйүп, анын ордун толуктай турган каражат жок


2017-жылдын жарымында эле пландалбаган иштер үчүн бюджеттен жумшалган ашыкча каражат 20 миллиард сомго чукулдады. Жыл аягына чейин бул сумма дагы өсүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар. Чыгымдалган кошумча каражаттар максаттуу пайдаланганбы, деген суроо сентябрда парламенттин бюджет жана финансы комитетинде да карала турган болууда. Экономисттер болсо, мамлекеттик казынадан пландалбаган чыгашалар болуп жатканын профессионал адистердин жетишпей жатканы менен байланыштырышууда.