282

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

чынышка
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Эске салсак, Турсунбеков 15-июлда өткөн КСДПнын съездинде президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин айткан. Бирок анын бул билдирүүсү бир топ партиялаштары тарабынан катуу сынга кабылган болчу.

Бүгүн болсо, ал мамлекет башчылыгына ат салышуудан бир топ саясий серепчилер жана кеңешчилер менен сүйлөшкөндөн кийин баш тартканын айтты.