НТС

Чырдан башы чыкпаган «Кыргыз темир жолу» (видео)

Мамлекеттик ишкананын аймагында жеке менчик мейманкана иштеп жатышы канчалык мыйзамдуу? Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүп, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын абалы менен жеринде таанышышты. Парламентарийлерди мекемеге тиешелүү тилкеде иштеп жаткан жеке бизнес обьектиси кызыктырды. Ал мейманкана мурдагы директорунун кызына таандык экен.

Ошондой эле депутаттар «Кыргыз темир жолу» ишканасын акционердик коомго айлантууга каршы экенин билдиришти. Бирок мекеме жетекчиси Канатбек Абдыкеримов акционерлештирүү инвестиция тартууну жеңилдетип, тармактын абалын жакшыртат, деп кепилдик берүүдө.