Путин: Кыргызстандагы окуялар — кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл

2506

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар — кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россияын президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып билдирди. «Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем», — деди Владимир Путин.

Ошондой эле бул мамлекеттерде суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө зарылдыгын, аны эл өзү ич ара бир калыпка салуу керектигин да кошумчалады. Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн кыргыз экономикасына жана башка тармактарына 100 миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

Буга кошумча Путин «Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Путин.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.