622

Дүйнөгө белгилүү ырчы Сами Юсуф Кыргызстанга келди

сами
Элди ыйманга, тынчтыкка жана биримдикке чакырган ырчы Бишкекке келери менен, журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, алдыда боло турган концерти тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, Сами Юсуф эртең Кожомкул атындагы Спорт сарайында 2 сааттык жеке концертин тартуулайт. Бул анын Борбор Азияга алгачкы гастролу болуп эсептелет. Андыктан анын концертине жакынкы коңшу мамлекеттерден да көрүүчүлөр келиши күтүлүп жатат. Ислам багытындагы ырларга мукамдуу обон жаратып, бир нече тилдерде аткарган ырчынын миллиондогон күйөрмандары бар. Бул анын үнүндөгү өзгөчө касиетке байланыштуу, дешет дин таануучулар. Бишкекке алгачкы ирет жеке концерти менен келип жаткан ырчы – Кыргызстандагы күйөрмандары үчүн “Live in Bishkek” деген аталышындагы атайын концертин даярдаган. Сами Юсуф биздин өлкөгө келгени үчүн чексиз кубанычта экенин билдирди.