Түркияда акысыз дарыланган кыргызстандык бейтаптардын квотасы көбөйдү

7120

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Кыргызстандан Түркияга акысыз дарыланууга келген бейтаптардын квотасын 50 бейтапка көбөйткөн келишимге кол койгон.

Ага ылайык дагы 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандап жөнөтөт. Муну менен Түркияга акысыз дарыланганы барган кыргызстандык бейтаптардын саны 150 адамга чыкты. Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда бейтап жана аны коштоп келген эки тууганы аталган өлкөдө туруктуу жашоо үчүн виза төлөмдөрүнөн бошотулат.

Эки мамлекеттин ортосундагы саламаттыкты сактоо боюнча келишимге ылайык, 2014-жылдан бери жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап барып дарыланчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.