894

Дагы 4 адам президенттикке талапкер болуп катталуу укугунан ажырашы мүмкүн

ЦИК 22
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Алар Игорь Трофимов, Мирлан Шерикул уулу, Марта Кыдыралиева жана Муканбайжан Аманбаев. Боршайкомдун өкүлдөрүнүн айтымында, бул адамдар 5 күн аралыгында шайлоо фондун ачышкан эмес. Тиешелүү талаптарга ылайык, шайлоо фондун ачпаган талапкерлер жарыштан четтетилиши керек. Эске салсак, кечээ буга чейин президенттикке талапкер катары катталууга арыз берген Анвар Сартаев менен Нусрет Муса-Оглы Мамедов дагы катталуудан баш тартышкан болчу.