Кумтөр: кайсы тарап калп айтты? (видео)

1592

Кыргыз өкмөтү менен Центерра Голддун ортосундагы Кумтөр кени боюнча териштирүүлөр кийинки жылы жаз айларынан тарта кызышы ыктымал. Талдоочулардын айтымында, май айында Центерра Голддун акционерлеринин жылдык жыйыны өтөт. Анда 2 миңге жакын жеке жана юридикалык жактын үлүшү бар экенин эске алганда, бул иште бир пикирге келүү өтө кыйын.

Өткөн дем алыш күндөрү эки тарап тең билдирүү жасаганга үлгүрдү. Кыргызстандын министрлер кабинети Центерра Голд мындан ары Кумтөр кени аларга таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алганын жар салса, экинчи тарап муну төгүнгө чыгарды.