Сүттүн баасы эки эсеге көтөрүлөбү? (видео)

2165

Фермерлер саан уйлардын башын азайтып, аларды семиртип, согум катары сатууга өтүштү. Мал баккандар кургакчылыктан улам, жыйналган тоют менен кыштан чыга албастыгын түшүнүп, ушундай кадамдарга барышууда. Эгерде ушундай көрүнүш улана берсе, сүт өндүрүү кескин азайып, жазында тартыштык жаралышы ыктымал.

Мындай кооптонууларын сүт палатасынын өкүлдөрү айтышууда. Ансыз да акыркы айларда чийки заттын жоктугунан айрым заводдордун иши үзгүлтүккө учурап кала жаздаган. Айыл чарба министрлиги сүттүн азайганын сезондук көрүнүш катары баалоодо.