Футбол федерациясы билети жокторго стадионго келбегиле деп өтүнүүдө

2522

Кыргызстандын футбол федерациясы бүгүн Бишкекте өтө турган Кыргызстан-Япония оюнуна билети жок күйөрмандарды стадионго келбегиле деп өтүнүүдө. Тиешелүү билдирүүдө «стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралия курама командасы менен беттештеги катаны кайталабайлы» деп белгиленген.

Буга чейин эл аралык футбол федерациясынын тартип комитети Кыргызстанга 3-4 эскертүү берген. Эми эреже бузула турган болсо Кыргызстан курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз чет жерде ойноого мажбур болот.Ошондой эле, тартип бузган күйөрмандар мыйзам алдында да жооп бере турганын эстен чыгарбоолору зарыл.

Ал арада футбол федерациясы стадионго билет ала албай калган күйөрмандарды Бишкектеги эски аянтка чакырып жатат. Ал жерде чоң LD экран орнотулуп, түз эфирде көрсөтүлөт. Акшумкарлар менен Самурайлардын бүгүнкү беттеши 17:15те башталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.