НТС

Дарыгерлердин жана ыктыярчылардын эмгеги унутулбайт! (видео)

Коронавирус пандемиясы маалында адам өмүрүн сактоо үчүн өз жанын аябаган медицина кызматкерлеринин, ыктыярчылардын эмгеги унутулбашы керек.

Бишкекте соода борборунун алдындагы Даңк аллеясында аларга арналган жылдыз ачылды.

Азыркы учурдун баатырларына мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы ыраазычылык билдирди.