Кыргызстан-Тажикстан оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады

3334

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 31-мартта Мьянма менен беттешет. Ал эми Тажикстан 26-мартта Монголиянын оюнчулары менен мелдешке чыгат. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2 кошуна өлкөнүн футболчулары таймашып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Алгач Тажикстандын оюнчусу Жахонгир Эргашев 17-мүнөттө эсепти ачса, кыргызстандык футболчу Тамирлан Козубаев 83-мүнөттө гол киргизип, эсепти тенеди. Ошентип F тайпасындагы рейтингде бардык оюндарда Япония жеңип, 12 упай топтоп учурда биринчи орунда турат.

Ал эми Кыргызстандын курамасы мелдештердин айырмачылыгынан улам Тажикстанды артта калтырып, экинчи орунду ээледи. Эки команданын эсебинде 7ден упай бар. Ушуну менен быйылкы жылы боло турган футбол боюнча мелдештер аягына чыкты десек болот. Кийинки жылы марттан июнга чейин F тайпасындагы командалар кайра беттешет. Анда Кыргызстан 4-июнда Монголия менен, 9-июнда Япония менен кез келишет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.