Жумалык ( 25.11.19 –01.12.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1644

Раим Матраимов менен Эркин Сопоков УКМКга чакырылып, биринчиси кое берилип, экинчиси камакка алынды. Кимисинин Айеркен Саймаити менен байланышы тыгызыраак болгон? Эркин Сопоков тергөө менен кызматташууга барып, көп сырларды ачыкка чыгарабы?

Кыргызстандан жылына 90 миллиард доллар чыгарылат. Ал эми Айеркен Саймаити 700 миллион доллар эмес, 933 миллион доллар которуп кеткен. Бул акчалардын булактары аныкталабы же иш терең изилденбей жабылабы?

Туруктуу үйү жок көчөлөгөндор көбөйүп жатканынын себеби эмнеде? Кыштын биринчи күндөрүндө эле 12 селсаяк тоңуп каза болду. Аларды ойлогон жан барбы?