ИИМ: Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды

6303

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта “Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин “Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу”, “Алдамчылык” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган” деп айтылат. ИИМ азыр Башкы прокуратура Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырып жатканын билдирди.

Жапарова 2007-жылы «Ысык-Көл инвест банкын» рейдерлик жол менен тартып алган деп айыпталып, 2015-жылы соттолгон. Ошол эле жылы Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган. Тергөө учурунда Ички иштер министрлиги Жапарова 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкын» тартып алганын, ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланганын маалымдаган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.