Кыргызстанда 10 минге жакын ченемдик-укуктук акт иштебей турат. Бул документтерге ревизия жүргүзүү керек, дешет депутаттар. Бирок мындай иш көп убакытты жана каражатты талап кылат. Эксперттердин айтымында, жаңы кодекстердеги мүчүлүштүктөр өлкөдө мыйзамдардын шашылыш, чийки кабыл алынып жатканынан кабар берет.
Бирок бизде сапатсыз мыйзам үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Документтерди талкуулап, чечим кабыл алган депутаттарды жазалоо үчүн парламентти таркатуу керек деген сунуштар дагы айтыла баштады.