Кумтөрдөгү кырсык. Бул окуя үчүн эми ким жооптуу? (видео)

1728

1-декабрь күнү Кумтөр алтын кенинде жер көчүп, эки жумушчу дайынсыз жоголду. Аларды куткарууга альпинист, кинологдордон бери тартылды. Бирок көчкүнүн көлөмү өтө эле чоң болгондуктан, издөө иштерине кыйынчылык жаратууда. Оор техниканын түрлөрү дагы көчкүнү казып бүтө албай жатат. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 миллион кубдан ашып, узундугу 3 км экен.
Муну Кумтөрдөгү ишти жеринде иликтегендер, экологдор табигый кырсык эмес, техникалык — «адамдар жасаган кырсык» деп баалашууда. Ал жакта курамында кени жок топурак төгүлө берип өзүнчө тоолор пайда болгон. Адистер алтын казылган жерде азыр экологиялык, техникалык коопсуздуктар сакталбай жатат деп коңгуроо кагышууда.