Садыр Жапаров: “Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт” (видео)

1517

«Жаңы Кыргызстан өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш». Бул тууралуу Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатып билдирди. Ант берүү аземи 1 саатка созулуп, ага миңден ашык конок катышты.

Инаугурацияда Садыр Жапаров мамлекет жетекчиси катары алгачкы сөзүн сүйлөп жатып, коомдун бардык катмарларын биригүүгө чакырды. Дал ошондо гана өлкө өнүгүүгө багыт алып, мыйзамдын үстөмдүгү орнойт дейт. Ошондой эле Жапаров кыйын кырдаалда кол сунган бардык өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирип жатып, Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу болорун белгилеп өттү.