203

Дин кызматкерлеринин үгүт иштерине аралашуусу – мыйзамсыз


Муфтият дин кызматкерлеринин шайлоого аралашуусуна тыюу салган токтом чыгарды. Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарды кайсы бир тарап үчүн үгүт иштерин жүргүзүүдөн алыс болууга чакырышат. Негизи эле, дин кызматкерлеринин саясий иш чараларга аралашуусу өлкө мыйзамдарына каршы келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы эскертишет.