Актер, каскадер Нурбек Болотов митингде жарадар болду (видео)

8943

Тасма талаасында оор трюктарды жасап жүргөн каскадер митингде жарадар болду. Голливуд тасмаларында роль аткарып жүргөн Нурбек Болотов өткөн жумадагы башаламандык учурунда жаракат алып, учурда ооруканада жатат.

Алгач оор абалда түшкөн, азыр бир аз турукташып калган. Ага 5-октябрь күнү күч органдары менен элдин ортосундагы кагылышуудан денесине 11 желим ок тийген. Андан бут сөөгү сынып, денесинин башка жеринен дагы жаракат алган.