«Империя пиццы»: Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес

8862

«Империя пиццы» компаниясы кафедеги караокеде кыргызча ырларга тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады. Компаниянын өнүктүрүү директору Мээрим Аманова кафенин администраторунун калпыс катасынын айынан ушундай жагдай жаралганын «Азаттыкка» билдирди. «Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын көз карашына туура келбейт. Коногубуз менен болгон кырдаал үчүн кечирим сурайбыз»,- деди Аманова.

21-октябрда Интернетке видео тараган. Анда кафеде отурган жигит караокеде аткаруу үчүн кыргызча ыр суранган. «Империя пиццы» администратору кыргызча ырдоо мүмкүн эмес экенин, бул компаниянын чечими экенин айткан. Коноктун «Бул үчүн компанияны сотко берсем болот»,- деген сөзүнө: «Маселе жок», — деп жооп берген. Окуя Бишкектин Аламүдүн-1 районундагы кафеде болгон.

«Империя пиццы» 2007-жылы Москвада негизделген. Кыргызстанда франшиза компаниясы түптөлүп, 15тен ашуун коомдук тамактануучу жайы бар. Андан тышкары, буюртма аркылуу пицца, суши жеткирүү кызматын көрсөтөт.