Кыргызстанда коронавирус күч алууда (видео)

6443

COVID-19 вирусун жуктурган жаңы учурлардын саны өткөн суткага карата 343кө жеткен. Республикалык ыкчам штаб берген маалыматка ылайык, оорунун очогу болгон аймактардын сап башында Баткен областы турат. Аталган аймакта бир күндүн ичинде 83 адам инфекцияга кабылган.

Бишкек шаарында да вирус илештирип алгандар күн санап өсүүдө. Акыркы 24 сааттын ичинде ордо калаада 81 киши илдетке чалдыккандардын катарына кирген. Соңку мезгилде КОВИД-19 вирусу аныкталгандардын саны көбөйө баштагандыктан, 2 ооруканада кошумча стационар ачылууда.