Эски кадрларга кызматтарды бөлүштүрүү токтотулсун (видео)

1290

Эски кадрларга кызматтарды бөлүштүрүп берүүнү токтотуу керек. Бишкек шаардык мэриясынын алдында дал ушундай чакырыктар менен нааразычылык акциясы болуп өттү. Чогулгандар буга чейин биринчи вице-мэрликке дайындалган Нариман Түлеев кызматка мыйзамсыз отуруп алганын айтып жатышты.

Алардын алдына Түлеев өзү чыгып сүйлөшүү аракетин көргөнү менен андан майнап чыккан жок. Көп өтпөй мэриянын алдына Түлеевди колдогондор дагы келип, эки тарап мушташып кете жаздашты. Кырдаал укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы менен гана жөнгө салынды.