Парламенттик шайлоонун ордуна референдум өтө турган болду (видео)

1043

Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке кайра шайлоону кое туруп, Баш мыйзамдын айрым пункттарына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө бел байлашты. А түгүл президентти жана парламентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө документ да иштелип чыгыптыр. Ал тармактык комитеттерде 3 окууда жактырылды.

Ага ылайык, президентти жана парламентти шайлоо мөөнөттөрү кийинки жылга жылдырылат. Демилгечилердин айтымында, мындай кадамга барууда өлкөдөгү саясий-экономикалык жана эпидемиологиялык оор кырдаал, бюджеттеги таңсыктык эске алынды. 21-октябрдагы жыйында депутаттардын бир тобу бул маселеде бир пикирге келе албай жатышкан болчу. Бир түндө эмне өзгөрдү?